Кечээ, 1-март Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорт комплексинде Кыргызстандын Суперкубогунун беттеши орун алды. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалымдалгандай, Суперкубок үчүн "Абдыш-Ата" футболдук клубу "Мурас Юнайтед" менен күч сынашты. Беттештин негизги жана кошумча убакыты жеңүүчүнү аныктаган жок, андыктан пеналтилер сериясы ойнотулду. Анда "Абдыш-Ата" ийгилик жаратып, 4-3 голдук көрсөткүч менен атаандашын жеңди.
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Абдыш-Ата" клубунун дарбазачысы Султан Чомоев табылды.
Кошумчалангандай, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине катышкан Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев "Абдыш-Ата" футбол клубуна 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификатын тапшырды.
Белгилей кетсек, "Абдыш-Ата" 2024-жылы да Кыргызстандын Суперкубогун
жеңип алган.