Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев менен өкмөт мүчөлөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда коюлган "Раймалы менен Бегимай" этномюзиклине барды. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Чыңгыз Айматовдун чыгармасы боюнча коюлган этномюзикл 22-февралдан 28-февралга чейин тартууланды.
Анда Раймалы менен Бегимайдын ашыктык сезимдери сүрөттөлөт.