Өзбекстандын борбору Ташкентте көп кабаттуу үйдө жарылуу болду. Бул туурасында өзбек басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, кырсык Карасу-4 массивиндеги Мирзо-Улугбек районунда орун алган. 9 кабаттуу үйдүн эң үстүнкү кабатындагы батирде газдан улам жарылуу болгон. Батирдин ээси уулануу жолу менен суицидге барууну көздөгөндүгү маалыматта кошумчаланган.
Жеринде өрт өчүрүү кызматынын куткаруучулары иш алып барып, 6 жаранды "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Окуядан улам 2 жаш бала каза болгондугу айтылды.