Франциянын президенти Макрон Украина үчүн тынчтык планын жарыялады

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусия менен Украинанын ортосунда убактылуу элдешүү сунушун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал белгилегендей, Орусия менен Украинанын ортосунда бир айлык мөөнөткө жарым-жартылай элдешүү абадан жана деңизден сокку уруудан, ошондой эле энергетикалык инфраструктурага чабуулдардан баш тартууну камтыйт.

"Эгер ок атышпоо болсо, фронтто анын сакталарын текшерүү абдан кыйын болот", - деген Макрон фронттун узундугу Парижден Будапештке чейинки аралыкка барабар экенин айтты.

Анын айтымында, жакынкы убактарда Украинанын жеринде европалык аскерлер болбойт. Сүйлөшүүлөр бир нече аптага созулуп, тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин тынчтык орнотуучу аскерлер жайгаштырылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан