
Бишкек мэриясынын жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин маалыматына ылайык, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык, жер амнистиясына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылууда.
Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган Октябрь районунун жарандарынын тизмелери белгилүү.
Борбор калаада жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында, жер амнистиясын ишке ашырууну жөнгө салуучу «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга ылайык, мунапыс объектилерине арыздарды кабыл алуу улантылып жатат.
Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- арыз ээсинин - жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
- техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
- объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер).