Аргентинанын президенти Хавьер Милей Киев режиминин башчысы Владимир Зеленский менен чогуу түшкөн бардык сүрөттөрүн социалдык тармактардагы баракчасынан өчүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул 28-февралда Ак үйдө Зеленский менен Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын ортосунда чыр чыккандан кийин болгондугу такталган.
Ошол эле учурда Аргентинанын лидери Зеленский менен түшкөн сүрөттөрдүн өчүрүлүшү боюнча эч кандай комментарий берген жок.