Беларустун президенти Александр Лукашенко өкмөткө республикадагы сейрек кездешүүчү металлдардын жана башка ресурстардын запастарын табууну тапшырды. Бул тууралуу ал өкмөттөгү кадрдык дайындоолорду жарыялап жатып билдиргенин "Минская правда" жазды.
"Биздин жерибиздин астында сейрек кездешүүчү металлдар бар дешет. Эми аларды изилдешибиз керек. Алар химия, мунай, газ жана башкалар. Тиешелүү тапшырманы тийиштүү министрликке, жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине тапшырам", - деген Лукашенко.
Ал ошондой эле Беларуста геологиялык чалгындоо иштери начар өнүккөнүнө жана жалпысынан төмөн деңгээлде экенин кошумчалаган.