Футбол: "Реал Мадриддин" жылдызы гол киргизгенден кийин машыктыруучуга кыйкырды (видео)

Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Браим Диас "Атлетико Мадрид" клубунун машыктыруучусу Диего Симеонеге Чемпиондор Лигасындагы беттештин алдында айткан сөздөрү үчүн жооп берди.

5-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алкагында "Реал" өз үйүндө "Атлетико Мадридди" кабыл алып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. "Реалдын" курамында экинчи голду дал ушул Браим Диас киргизип, атаандаштарынын машыктыруучусуна "Азыр сүйлө! Азыр сүйлө! Азыр сүйлө! Сен кечээ сүйлөдүң! Азыр сүйлө!" деп кыйкырды. Бул учур түз эфирге түшүп калган.

Анын бул сөздөрдү айтып кыйкырышына оюн алдында Симеоненин пресс-конференцияда айткан сөзү себеп болушу мүмкүн. Анда "Атлетико Мадриддин" машыктыруучусу Браим Диас "Реал Мадриддин" схемасына туура келбей турганын айткан.

"Реал Мадрид" Беллингэмдин жоктугун Камавинга жана Лука Модрич менен толуктоого аракет кылат деп ойлойм. Браим Диас оюнга чыкпайт деп ойлойм. Ал бизге каршы оюнда коюла турган схемага туура келбеген оюнчу", - деген анда Симеоне.

"Реал Мадриддин" жылдызы гол киргизгенден кийин машыктыруучуга кыйкырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан