Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Ички иштер министрлигинен мыйзамсыз миграция каналдарын токтотууну талап кылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Ал бүгүн, 5-мартта өткөн жыйында чет элдик жарандарга мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап инструменттерди активдүү колдонуу керектигин жана миграциялык саясаттын жаңыланган концепциясы 2025-жылга чейин кабыл алынышы керектигин белгилеген.
"Ички иштер министрлиги миграция чөйрөсүндө олуттуу көйгөйлөргө туш болууда. Бул жерде биздин маданий өзгөчөлүктү сактап калуу, коомдун жана жарандардын коопсуздугу артыкчылыктуу болуп саналат", - деп баса белгилеген Путин.
Путин ошондой эле Орусиянын ички иштер министрлигине тиешелүү кызматтар менен биргеликте кагаз түрүндөгү миграциялык карталардан баш тартуу жана чет элдиктер үчүн электрондук авторизацияга өтүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү тапшырган.