Башкортостан Республикасынын парламентинин депутаты жана мушкер Жефф Монсон Александр Емельяненконун ордуна Артём Тарасов менен беттешке чыгат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Емельяненко менен Тарасовдун реванш беттешүүсү 29-мартта Минск шаарында өтүшү керек болчу. Бирок, бүгүн, 5-мартта Емельяненко ден соолугуна байланыштуу бул беттешке чыга албасын билдирген.
Мурдагы америкалык мушкер Жефф Монсон карьерасында жалпы 60 жеңишке жетип, 26 жеңилүү ызасын тарткан. Анын катышуусундагы эки беттеш тең чыгуу менен аяктап, дагы бири жараксыз деп табылган. Учурда мушкер 53 жашта. Өткөн жылдын декабрь айынын ортосунда Жефф Монсон АКШнын жараны болбой калганын жарыялаган. 2018-жылы ал Орусиянын паспортун алган.