"Барселонанын" 17 жаштагы жылдызы орозо кармап жатат. Ага клуб реакция кылды

Каталондук "Барселона" футбол клубу 17 жаштагы жылдыз футболчусу Ламин Ямаль орозо кармап жаткандыгына байланыштуу атайын диета иштеп чыкты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, команда чоң футболдо биринчи жолу орозо кармап жаткан Ламин Ямалды колдоого алып, ага атайын диета менен жардам берүүдө.

"Барселонада тамактануу планын түзүү чоң көйгөй эмес. Ламин Ямал биринчи мусулман эмес, буга чейин Дембеле, Кесси жана Ансу Фати үчүн пландар түзүлгөн", - деп жазды AS басылмасы.

Белгилей кетсек, Ламин Ямаль түбү марокколук болгондуктан ислам динин карманат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан