Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Украинага европалык аскерлерди жөнөтүү кооптуу кырдаалды жаратарын айтты.
"Азырынча европалык аскерлер Украинада расмий түрдө жок. Алардын келиши бүткүл аймакта кооптуу абалды жаратышы мүмкүн", - деди Тасмагамбетов бейшемби күнү "Известия" гезитинде жарыяланган маегинде.
Мындан тышкары, ал эгер европалык аскерлер Украинага жөнөтүлсө, ЖККУ уюмдун уставдык документтеринин алкагында жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттарын сунуштоого даяр экенин кошумчалаган.
ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Иран, Монголия, Пакистан жана Индия уюмдун байкоочу өлкөлөрү болуп саналат.