Кыргызстандан кеткенин айткан UFC мушкери Рафаэль Физиев ыйык Рамазан айындагы беттешке даярдыгы тууралуу айтып берди.
Физиев ушул дем алыш күндөрү UFC 313 турниринде америкалык Жастин Гэйтжи менен беттешет.
"Бул менин Рамазан айындагы биринчи беттешке чыгышым. Мен ар дайым Рамазанга чейин же Рамазандан кийин беттешүүгө болгон күчүмдү жумшап келгем. Мен үчүн бул ай Аллахка жакын болуу үчүн динимде эмне кылуу керек болсо ошону аткаруу маанилүүрөөк. Бирок кээде баш тартууга туура келет экен.
Биздин кесибибиз бизден каалаган убакта беттешке даяр болушубузду талап кылат. Мен азыр орозо кармабаган жокмун, анткени мен салмак кубалашым керек. Менбул жуманы орозосуз өткөрүп, беттештин эртеси күнү эле орозо кармайм", - деди Физиев маалымат жыйында.