Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Алматы аэропортунда барымтага алуу окуясы боюнча маалымат берилди. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Президент кылмышкерди зыянсыздандырган адамдын эрдигин жана эпчилдигин белгилеп, аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү буйруду", - деп жазды Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай өзүнүн Telegram-каналына.
Окуя бүгүн, 7-мартта учуу алдындагы текшерүү аймагында болгон. Алматы аэропорту маалымдалгандай, саат 11:45тер чамасында бычак менен куралданган адам ички каттам терминалынан жүргүнчү атын жамынып, учуу алдындагы текшерүү аймагына өтүп кеткен.
Ал жерден авиациялык коопсуздук текшерүү кызматкерлери андан документтерин көрсөтүүнү суранышкан. Ага жооп катары ал коопсуздук кызматынын кызматкерин чачынан кармап, бычак менен коркутуп, барымтага алып алган.
Кыз дал ушул Токаев сыйлык берүүнү буйруган адамдын каркасында куткарылып калган.