Орус армиясы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн карамагында турган Курск облусунун Суджа шаарын оперативдүү курчоого алды. Бул тууралуу Mash Telegram каналы билдирди.
Маалыматка ылайык, Орусиянын армиясы Суджа шаарын Украина менен байланшытырып турчу жалгыз жолду көзөмөлгө алып, андан кийин шаарды курчоого алышкан. Учурда шаардын ичинде Украинанын 2000дей аскери бар.
Телеграм каналдын маалыматы боюнча, эми Украинанын аскер кызматкерлери кача алышпайт. Орус аскерлеринин шаардын борборуна жетишине 6 чакырымдай гана калды.
Ошондой эле Mash Telegram каналы орус армиясы бир нече айылды көзөмөлгө алганын жазды. Бул маалыматты Орусия расмий тастыткай элек.