Өлкөдөгү жалпы мечиттерде таравих баяндары айтыла баштады. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.
Маалымдалгандай, ар бир күндүн темасы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан бекитилип айтыла турган таравих баяндары орозодон кийин да салттуу түрдө улантылмакчы.
"Мечитке келген жарандарга туура нуктагы маалымат берүү, коомдо диний маданиятты жогорулатуу, ханафилик-матуридиликти бекемдөө, ынтымак жана биримдикти жар салуу, жалпы эле ислам баалуулуктарын даңазалоо максатында бирдиктүү таравих баяндары башталды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча 4020 миң мечит бар. Анын ичинен 1550сүндө жума намазы окулат.