Дональд Трамп Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча жаңы билдирүү жасады

АКШ лидери Дональд Трамп акыркы тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдө АКШ Орусия менен абдан жакшы иштешип жатканын айтты. Бул тууралуу ал жума күнү Ак үйдө жасаган кайрылуусунда айтты.

"Акыркы келишимге келсек, Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүү оңой болуп жатат, бул таң калыштуу. Анткени, аларда бардык карталар бар, эми алар украиналдык аскерлерди катуу бомбалап жатышат", - деди ал.

Ошондой эле Трамп орус президенти Владимир Путин согушту токтоткусу келип жатканынан күмөн санабай турганын кошумчалады.

"Менин оюмча, Путин дагы согушту токтоткусу келип жатат. Менимче, учурда Путин Украинага мурдагыдан да катуу сокку урууда.Мен ойлойм, Путинден башка бирөө деле бул кызматта турса ушундай кылмак. Менимче, Украина да мунун бүтүшүн каалайт, бирок мен аны көрбөй жатам", - деп кошумчалаган Трамп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан