SUPER.KG порталынын эмгек жамааты айымдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайт!
Аялзаты ар дайым аруулугу, назиктиги, боорукерлиги жана акылмандыгы менен биздин жашообузду көрккө бөлөп келет. Сиздер өз мээримиңиздер менен жашоону көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер. Энелик сезимиңиздер, келечек муунга арналган чексиз сүйүүңүздөр жашоонун улуу көчүн улап келет.
Сиздер коомдун бардык тармактарында эмгектенип, жумушка жооптуу жана жаңычыл мамиле жасоонун өрнөгүн көрсөтүп келесиздер. Сиздер эл-журтубуздун куту болуп, ар дайым сыймыкка бөлөп, шыктандырып турасыздар. Жаркыраган жаздын жылуу илеби менен кошо келген майрам күнү жүзүңөргө жылмаюу тартуулап, жакындарыңардын арзуусу менен камкордугу курчап турсун!
Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бейпилдик каалайбыз! Жакшылыктар жана ийгиликтер коштоп жүрө берсин!
Маалымат үчүн: 8-Март - бүткүл дүйнөлүк аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теңчилиги үчүн күрөштө эл аралык тилектештигин белгилөө күнү катары кабыл алынат. 1910-жылы Копенгаген шаарында социалист аялдардын II эл аралык конференциясында Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Клара Цеткин аялдардын эл аралык майрамын белгилөөнү сунуштаган. Бул күндү дүйнө эли ошол жылдан тарта белгилеп келишет.