Сербиянын маданият министри Никола Селаковичке массалык нааразылык акциялары учурунда кол салуу болду. Бул тууралуу 7-мартта Сербиянын президенти Александр Вучич билдирди.
"Мен силерди тынчтыкты сактоого чакыргым келет. Акцияга чыккандар министр Селаковичке кечинде кол салышты. Алар муну менен кандайдыр бир көйгөйдү чечтик деп ойлошот. Жок", - деди ал видео кайрылуусунда.
Вучич белгилегендей, кол салгандар өлкөдөгү демократия жөнүндө чындап эле кандай ойдо экенин көрсөтүштү. Республика башчысы кол салуу боюнча башка эч кандай маалымат берген жок.
Буга чейин Сербияда ноябрдан бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткан университет жана орто мектептердин студенттери, ошондой эле оппозициянын тарапкерлери Белград, Нови Сад, Нис жана Крагуевац шаарларында массалык жүрүштөрдү өткөрүшкөн.