Түштүк Корея прокуратурасы президент Юн Сок Ёлду бошотуу чечимин чыгарды

Түштүк Кореянын прокурорлору президент Юн Сок Ёлду камакта кармоону узартуу өтүнүчүн жокко чыгаруу чечимин кабыл алышты. Президент бүгүн, 8-мартта абактан чыгарын Yonhap агенттиги жазды.

"Аскердик абал боюнча прокуратуранын атайын тергөө штабы. бүгүн Сеулдагы СИЗОдо отурган президентти бошотуу боюнча буйрукту тапшырышты", - деп жазылат андагы маалыматта.

Түштүк Кореянын мыйзам боюнча прокуратурасы бул чечимге каршы даттанса болмок, бирок андай кылышкан эмес.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 3-декабрында Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. Ал 15-январда экинчи ирет суракка жеткирилип, андан кийин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан