"Манчестер Ситиге" кошулган өзбек футболчусу дагы бир тарыхты жаратты

Коңшу өзбекстандык футболчу Абдукодир Хусанов Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунда февраль айындагы эң мыкты футболчу болду. Бул тууралуу англиялык клуб кабарлады.

Абдукодир Хусановдун мындай ийгиликке жетиши бир гана өзбек футболунун эмес, бүткүл Борбор Азия футболунун чоң жетишкендиги. Ал Европанын эң мыкты клубдарынын бири болгон "Манчестер Ситиде" айдын мыкты оюнчусу аталган биринчи өзбек оюнчусу катары тарыхта калды.

Абдукодир Хусанов Франциянын "Ланс" клубунан "Манчестер Ситиге" 40 миллион еврого өткөн. Ал клубга кошулары менен эле Чемпиондор Лигасында тарых жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан