Таңга маал өлкөдөгү эки облуста жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 05:21де жана 05:26да Кыргызстандын аймагында эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер силкинүү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5 (Кайырма-Арык айылынан 4 чакырым түштүк чыгышта, Кереге-Таш айылынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 25 чакырым түштүктө) чейин сезилген.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга (Канжыга айылынан 14 чакырым чыгышта, Тараалча айылынан 14 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 60 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан