Орусияда кыргызстандык мигрант бийиктиктен кулап каза болгону айтылды

Орусиянын Невинномысск шаарында склад кызматкери жумуш учурунда 10 метрден ашык бийиктиктен кулап каза болду. Бул тууралуу Ставрополь крайынын мамлекеттик эмгек инспекциясы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 5-март күнү болгон. Невинномысск шаарындагы кампада подряддык жумушту аткарып жаткан курулушчу 10 метрден ашык бийиктиктен кулап кеткен.

Каза болгон жаран Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Ал бийик жерлерде атайын коргоочу каражаттарсыз же коопсуздук чараларын сактабастан аткарган.

Бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүүдө жана эксперттер кырсыктын себептерин иликтеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан