Орусиялык мушкер Магомед Анкалаев бразилиялык Алекс Перейраны жеңип, UFC уюмунун жеңил салмактагы жаңы чемпиону болду.
Эки мушкер бүгүн, 9-мартта Лас-Вегаста өткөн UFC 313 турниринде кез келди. Беттеш калыстардын бир добуштан чечими менен дагестандык мушкердин жеңиши менен аяктады: 48-47; 48-47; 49-46.
Муну менен Анкалаев профессионалдык карьерасында 20-жеңишине ээ болду. Анын бир жеңилүү жана тең чыгуусу (дагы бир беттеш жараксыз деп табылган) бар.
Перейрага келсек, бразилиялык мушкердин 12 жеңиши жана үч жеңилүүсү бар. Ал бүгүнкү күнгө чейин орто салмакта UFC титулунун ээси болгон.
Алекс Перейра бүгүнкү күндө UFCнин негизги супер жылдыздарынын бири. Эки салмакта жана жарым оор салмакта чемпион алты айдын ичинде өз курун үч жолу коргоп, үч атаандашын тең нокаут менен уткан.