Коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто кызды барымтага алган адам эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Соттун чечими менен шектүүгө карата эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы киргизилген.
Ал кишинин аракетин Казакстандын Ички иштер министрлиги барымтага алуу катары баалап, ага карата үч кылмыш иши козголгон:
1) Барымтага алуу (Казакстандын кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту) - мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган;
2) Курал колдонуу менен бейбаштык (Казакстандын ккылмыш-жаза кодексинин 293-беренесинин 3-бөлүгү) - 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
3) Террорчулук актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү (Казакстандын кылмыш-жаза кодексинин 273-беренеси) 19 миллион теңге өлчөмүндө айып салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу.
Айрым юристтер барымтага алган 67 жаштагы жаран 15 жылга чейин эркинен ажыратыларын билдиришкен.
Окуя 7-мартта учуу алдындагы текшерүү аймагында болгон. Алматы аэропорту маалымдалгандай, саат 11:45тер чамасында бычак менен куралданган адам ички каттам терминалынан жүргүнчү атын жамынып, учуу алдындагы текшерүү аймагына өтүп кеткен.
Ал жерден авиациялык коопсуздук текшерүү кызматкерлери андан документтерин көрсөтүүнү суранышкан. Ага жооп катары ал коопсуздук кызматынын кызматкерин чачынан кармап, бычак менен коркутуп, барымтага алып алган.