UFC уюмунун орто жеңил салмактагы титулдук беттешинде бразилиялык Алекс Перейраны жеңген орусиялык мушкер Магомед Анкалаев жеңишин үч жолку Олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиевге арнады.
"Мени колдогондордун баарына рахмат. Эми чемпиондук курду Орусияга алып барып жатабыз. Баары ойдогудай болгон жок, бирок менин кыялым орундалды. Жеңишимди колдоо көрсөткөндөрдүн баарына, анын ичинде легендарлуу Бувайсар Сайтиевге арнайм”, - деди Анкалаев.
Бувайсар Сайтиев 2-мартта 49 жашында каза болгон.