Мушкер Рафаэль Физиев менен америкалык Жастин Гэйтжинин беттеши UFC 313 турниринин эң мыкты беттеши деп табылып, эки мушкерге тең кошумча 50 миң доллардан бонус катары берилет. Бул тууралуу "Вестник ММА" телеграм каналы жазды.
Буга чейин Рафаэль Физиев беттешке катышкандыгы үчүн 300 миң доллар, ал эми америкалык мушкер 500 миң доллар алары белгилүү болгон. Эми бул суммага дагы 50 миң доллардан кошулду.
Физиев менен Гэйтжинин беттеши бүгүн, 9-мартта АКШда өттү. Үч бөлүккө созулган беттеште Жастин Гэйтжи калыстардын чечими менен жеңишке жетти.