АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия, Кытай жана Ирандын биргелешкен деңиз күчтөрүнүн машыгууларына такыр тынчсызданбастыгын билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
"Биз алардын баарынан күчтүүбүз. Мен аскерлерди кайра калыбына келтирдим. Тилекке каршы, Байден бул жөнүндө эч нерсе кылбаган", - деп жооп берген ал журналистерге Флоридадан Вашингтонго кайтып келе жаткан президенттик учактын бортунда.
Бир күн мурда үч өлкө "Деңиз коопсуздук алкагы – 2025" машыгууларын Оман булуңундагы Ирандын Чабахар портунда өткөрөрү кабарланган.