Быйыл таза суу объекттерин курууга 2 миллиард сом каржылоо пландалууда

Быйылкы жылы ирригация объекттерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 4,8 миллиард сом каржылоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин бүгүнкү жыйнында билдирди.

Айтымында, таза суу объекттерин курууга 2 миллиард сом сарптоо пландалууда.

"Бул каражатка 500 чакырым каналдарды оӊдоо жана тазалоо, 500 миң чарчы метр каналдарга бетон полотносун төшөө, 755 гидротехникалык курулмаларды, 200 суу өлчөөчү постторду, 91 насостук станцияларды, 156 насостук агрегаттарды оңдоо жана калыбына келтирүү, 40 насостук агрегатты жаңылоо, 272,0 чакырым коллектордук-дренаждык системаны тазалоо пландалды, ошону менен бирге ушул жылдын 2 айында эле 130,2 чакырым чарба аралык каналдарын тазалоо иштери аткарылат", -деди Төрөбаев.

Бүгүнкү күндө жер алдындагы скважиналарга инвентаризациялоо жүргүзүп, 14 496 скважиналар аныкталды. Анын ичинен 270 скважина текшерилип, ушул жылы 80и курула турган болду. Учурда суу чарба объектилерин бул жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн Суу ресурстары кызматынын 203, ал эми жергиликтүү айыл өкмөттөрү тарабынан болжолду 1 000 техникалар тартылды.

Ошондой эле 258 калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо багытында, 168 конушта курулуш жумуштары аткарылып, анын ичинен 40 айылдын таза суу системаларында курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилет. Ал эми 90 конушта таза суу системасын долбоорлоо-сметалык иш-кагаздары даярдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан