Нарын облусунда “Адилет үйү" имараты курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов сот кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө учурунда маалымдады.
Ага ылайык, аталган имаратка соттон тышкары, юстиция кызматы, прокуратура дагы жайгашмакчы.
Облус башчысы сотторду жана сот органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, соттордун ишинин маанилүүлүгүн, алардын чоң жоопкерчилигин баса белгиледи.
Иш-чаранын соңунда облус башчысы сыйлыктарды тапшырды.