АКШ Олимпиаданын катышуучусун кармоо үчүн 10 миллион доллар убада кылды

АКШнын Федералдык тергөө бюросу 2002-жылы Солт-Лейк-Ситиде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу Райан Веддингди коркунучтуу 10 кылмышкердин тизмесине киргизип, ага издөө жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, спортчу Колумбиядан АКШ менен Канадага жүздөгөн килограмм кокаинди үзгүлтүксүз ташып турган трансулуттук баңги аткезчилик тармагын жетектегенге шектелүүдө. Мындан тышкары, ага көптөгөн киши өлтүрүүлөрдү уюштурган деген айып тагылган.

АКШнын тышкы иштер министрлиги кылмышкерди кармоого жардам бере турган маалымат үчүн 10 миллион доллар, ал эми Федералдык тергөө бюросу 50 миң доллар убада кылган.

Эми ал кармалса, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

43 жаштагы Райан Веддинг 2002-жылы Солт-Лейк-Ситиде өткөн Кышкы Олимпиада оюндарына сноуборд боюнча Канаданын атынан катышкан. Ал параллелдүү гигант слалом боюнча квалификацияда 24-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан