Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы март айындагы беттештерге даярдыгын баштады

2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы 20-мартта Өзбекстан менен конокто, ошондой эле 25-мартта өз оюн талаасында Катар курамасы менен беттешет. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда 12-марттан тарта Бишкекте жайгашкан «Мурас Юнайтед» базасында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
Белгиленгендей, даярдык аяктагандан кийин биринчи беттешке катышуу үчүн курама 18-март күнү Ташкент шаарына сапар алат.
Пландаштырылган окуу-машыгуу жыйынына чакырылган оюнчулардын курамы жакынкы маалда жарыялана тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан