Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Владимир Зеленскийге Ак үйдө жасалган мамилени эстеп, Дональд Трамп менен сүйлөшүүдөн үзгүлтүксүз баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Масуд Пезешкиан АКШ президенти кайрадан Иранды коркутуп жатканын белгиледи.
"Сен мени коркутуп жатканда мен сени менен сүйлөшкүм келбейт. Сен жакында Зеленскийге кылган ишиң үчүн уялышың керек", - деген Пезешкиан.
Мунун алдында Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Тегеран өз кызыкчылыктарын гана ойлогон мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын билдирген.