Белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун таксист аял менен чырдашкан видеосу социалдык баракчаларга тарады.
Тасмада алгач куудул аялдын орой мамилесинен улам, урушпай унаадан түшүп калууну каалаган. Бирок унаа токтогон соң экөөнүн ортосунда пикир келишпестик орун алып, кайым айтышууга айланган. Андан соң аял унаасынан түшүп барып куудул менен чырдашып, окуя бири-бирине кол көтөрүүгө чейин жеткендигин байкоого болот.
Айрым басылмалар окуя 10-мартта катталганын жазган.