Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен жолукканын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Путин Трамптын атайын өкүлүн кечээ, 13-мартта кабыл алган.
"Стив Уиткофф кечээ ушул жерде болду. Кечээ кечинде аны президент Путин кабыл алды", - деп билдирген Песков.
Белгилей кетсек, буга чейин Путин Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен жабык эшиктер артында жолуга турганы айтылган эле.