Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Арал айыл өкмөтү тарабынан жерди жеке менчикке мыйзамсыз берилгенин аныктады.
Министрликтен билдиргендей, Арал айылында жер багытын которууга (трансформациялоого) эч кандай юридикалык документи жок мамлекеттик фонддун 30 сотых жерин оор жүк тартуу үчүн 100 тонналык тараза курууга жеке менчикке сатып жиберген.
Жыйынтыгында, аталган факты боюнча материалдар Ноокен районунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.