"Хамза, жаша!". Акжол Махмудов Дүйнө чемпиону болгондогу трикосун аукционго койду (видео)

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов алгачкы ирет Дүйнө чемпиону болгондо кийген трикосун аукционго койду. Андан түшкөн каражат учурда СМА оорусу менен алышып жаткан Хамза аттуу эки жашар наристеге берилет.

Учурда активисттер жана ыктыярчылар өлкө боюнча жер-жерлерде акча чогултууда. Кайрымдуулук ишине активдүү катышып жаткан ишкер, активист Аскарбек Сапарбек уулу атын атагысы келбеген кайрымдуу жаран Махмудовдун трикосун 400 миң сомго баалап алып, бирок аны Хамзанын өзүнө калтырып кеткенин айтты.

Ошондой эле ал Акжолдун трикосун бул суммадан да көп акча сунуштагандар сатып алса болорун кошумчалады.

Эске салсак, 2021-жылы Ысык-Көлдө өткөн форумда Акжол Махмудовдун трикосу 26 миң долларга сатылган. Спортчу өзү 1 миң доллар кошуп, чогулган акчанын 60 пайызы Аруузатка, 30 пайызы кайрымдуулукка, ал эми 10 пайызы ак илбирсти коргоого жумшаларын айткан.

Хамзага жардам берүү үчүн реквизиттер:

МBANK: 0 709 748 481 (Русланбек атасы)

VISA: 4177490192859553
RUSLANBEK RAKHMANOV (Атасы)

О! деньги:
0709 748 481

Optima Gold:
4169585358783958

Видео
Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан