"Хамза, жаша!" Садыр Жапаров Хамзага жардам берди

Учурда СМА оорусу менен алышып жаткан Хамза аттуу эки жашар наристеге президент Садыр Жапаров да жардам берди. Бул тууралуу кайрымдуулук иш-чарасына активдүү катышып жаткан ишкер, активист Аскарбек Сапарбек уулу билдирди.

"Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич, сизге чоң рахмат! Сиздин жардамыңызды алып, аманатыңызды тапшырып бердик. Биз сизге ыраазыбыз", - деди Сапарбек уулу.

Бирок ал мамлекет башчысы эмне жардам кылганын тактаган жок. Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары буга чейин кайрымдуулукка атын атагысы келбеген жаран берип кеткен Мерседес-Бенц Майбах унаасы менен 30 миң долларды президент Жапаров бергенин болжошууда.

Учурда активисттер жана ыктыярчылар өлкө боюнча жер-жерлерде акча чогултууда. СМАга каршы бир уколдун (Золгенсма) баасы 170 миллион сом турат.

Хамзага жардам берүү үчүн реквизиттер:

МBANK: 0 709 748 481 (Русланбек атасы)

VISA: 4177490192859553
RUSLANBEK RAKHMANOV (Атасы)

О! деньги:
0709 748 481

Optima Gold:
4169 5853 5878 3958

Видео
Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан