Жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташыган айдоочуларга 41 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖКККБ кызматкерлери таң эрте “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайынан Бишкек-Ош багыты боюнча каттаган оор жүк ташуучу маршруттук унааларды текшерүүгө алышты. Текшерүү учурунда оор жүк ташуучу маршруттук унаалар мыйзамсыз жабдууларды орнотуп, кошумча орундуктарды жана тапчандарды орнотуу менен жүргүнчүлөрдү жаткырып ташып жүргөндөрү аныкталган.
Жүк ташуучу маршруткага жүргүнчүлөрдү салып алганын көргөн кызматкер алгач чоочуп кеткенин көрүүгө болот. Андан кийин ал "булар кантип дем алып жатат" деп таң калганын жашырган эмес.
Жыйынтыгында эки саат ичинде мыйзамсыз жабдууларды орноткондугу жана жүргүнчүлөдү мыйзамсыз ташыгандыгы үчүн 7 оор жүк ташуучу маршруттук унаа айып короо жайына токтотулуп, 41 миң 500 сом айып салынды.
"Урматтуу алыскы каттамга каттаган айдоочулар , адам өмүрү аманат! Андыктан жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташып, өзүңүздөрдүн жана жүргүнчүлөдүн өмүрүн тобокелге салбаңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.