“Кумтөр Голд Компани” ишканасы экологиялык кырсык тууралуу дооматтарды четке какты

Бүгүн, 15-мартта “Кумтөр Голд Компани” ишканасы экологиялык кырсык болушу мүмкүн деген дооматтар негизсиз экенин билдирди. Ишкананын басма сөз кызматы Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун геоботаника жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары боюнча лабораториясынын башчысы Адилет Усупбековдун кечээ Жогорку Кеңеште "Альянс" фракциясынын отурумунда айткан экологиялык кырсык тууралуу пикиринин эч кандай объективдүү негизи жок экенин билдирди.

"Учурда бош тоо тектердин иш жүзүндөгү жылуусу 2023-жылдагы болжолдун тегерегинде жана 2025-жылдагы болжолго жеткен жок. Бош тоо тектердин 2025-жылдагы чегине чейин 160 метр, ал эми Кумтөр дарыясына чейин бир километрге жакын аралык бар экенин белгилей кетүү керек. Изилдөөлөрдүн натыйжалары бош тоо тектердин геотехникалык абалынын өзгөрүшүн болжолдоого жана алардын туруктуулугун камсыз кылуу, көчкү, суулардын булганышы сыяктуу экологиялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча сунуштарды берүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, бош тоо тектер – бул эч кандай зыяндуу химиялык элементтери жок жана айлана-чөйрөгө коркунуч туудурбаган кадимки эле тоо массасы. Ошону менен бирге компания айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жана кендеги бүтүндөй өндүрүш процессинин экологиялык талаптарга ылайык келишине өзгөчө көңүл бурат.

Бош тоо тектерди төгүү процесси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда бардык зарыл болгон макулдашуулардан жана экспертизалардан өткөн техникалык жана атайын тоо-кен долбоорлоруна ылайык жүргүзүлөт. Бул долбоорлор бош тоо тектердин кыймылын болжолдоо боюнча эл аралык жана жергиликтүү консультанттар тарабынан даярдалган отчётторго негизделген.

Тактап айтканда:

  • «Геотехникалык объектилердин туруктуулугу боюнча илимий долбоорлоо лабораториясы» ЖЧКсы «2020-жылдан 2031-жылга чейинки мезгилдеги Чоң-Сарытөр өрөөнүндөгү Кумтөр кен жайынын бош тоо тектеринин кыймылын сандык моделдөө», 2021-ж.
  • Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтуна караштуу «Геосервис» илимий-өндүрүштүк борбору «Кумтөр» кен жайындагы (Чоң-Сарытөр жана Кичи-Сарытөр өрөөнү, Лысый суусунун өрөөнү) бош тоо тектердин туруктуулугуна баа берүү жана болжолдоо», 2021-ж.
  • Эл аралык SRK Consulting Limited компаниясы “Кумтөр” кен жайындагы Борбордук жана Сарытөр өрөөндөрүндөгү бош тоо тектерди төгүү долбооруна геотехникалык баа берүү”, 2021-ж.

Учурда Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Машина куруу, автоматика жана геомеханика институту, «Аскатеш» инженердик борбору «2024-2041-жылдар үчүн Кумтөр кен жайынын Чоң-Сарытөр өрөөнүндөгү бош тоо тектердин кыймылын сандык моделдөө, жылышын болжолдоо, туруктуулугун баалоо» боюнча илимий-изилдөө иштерин аткарууда.

«Кумтөр Голд Компани» илимий коомчулукту жана экологдорду далилсиз билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ парламентте Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Адилет Усупбеков Кумтөрдөгү бош тоо тектер Кумтөр суусуна жетсе катастрофа болушу мүмкүн экенин айткан.

“Альянс” фракциясынын жыйыны 14.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан