Орусия же Кыргызстан? Дмитрий Бивол өзүнүн үйүн атады

Бокс боюнча орто жеңил салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол ага Орусия менен Кыргызстандын таасири кандай экенин айтып берди.

"Кыргызстан меймандос өлкө, Санкт-Петербургда да бизди жакшы кабыл алышат. Мен бир эле үйүм бар деп айта албайм. Орусия менен Кыргызстан мага ата менен энедей. Албетте, бул эки өлкө менин инсан болуп калыптанышыма чоң из калтырды", - деген Бивол "Чемпионат" басылмасына берген маегинде.

23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды.

Эки мушкердин бири-биринин үстүнөн бирден жеңиши бар. Алардын үчүнчү беттешин ушул жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан