Өлкө эгемендик алгандан тартып 2021-жылга чейин энергетика тармагында олуттуу реформалар жүргөн эмес. Бул туурасында бүгүн, 14-апрелде президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасынан билдирип, жакынкы арада колдонууга берилүүчү жаңы ГЭСтердин тизмесин жарыялады.
Анын айтымында, Кыргызстандын электр энергия системасынын пайдубалы совет доорунда түптөлүп, жаңыртылган эмес.
"Бүгүнкү күндө да өлкөбүз 60-70 жыл мурда курулган гидроэлектрстанцияларынын (ГЭС) эсебинен кубат алып, ошол доордогу мурастын негизинде жашап келет. Өлкө эгемендик алгандан тартып 2021-жылга чейин энергетика тармагында олуттуу реформалар жүргөн эмес. Тармак карызга батып, жабдуулар эскирип бүткөн. Бул аралыктын ичинде болгону “Камбар-Ата-2” ГЭСинин бир эле агрегаты гана ишке берилген.
Бирок акыркы жылдары энергетика тармагында чыныгы жаңылануу доору башталды. Президент Садыр Жапаров бул багытта талыкпай иш алып барып, энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүнү башкы максат катары белгиледи. Анын демилгеси менен ГЭСтерди куруу, энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалоо иштери кеңири жүрүп жатат.
2024-жылы эле “Бала-Саруу”, “Кайнама”, “Көк-Арт”, “Ысык-Ата” сыяктуу ондогон чакан жана орто ГЭСтер ишке берилди. Ошондой эле кубаттуулугу 1860 мегаваттка жеткен “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул өлкөнүн энергетикалык потенциалын арттырып, аймактагы ири энергетикалык борборлордун бирине айлануусуна жол ачат.
Мамлекет тарабынан чакан ГЭСтерди куруу багыты дагы өзгөчө көңүл чордонунда. Инвесторлорду тартуу, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү саясаты ийгиликтүү ишке ашууда. Анын жыйынтыгында өлкө боюнча ондогон чакан ГЭСтер курулуп, кыска мөөнөт ичинде ишке берилүүдө", - деп белгилеген билдирүүсүндө.
Орунбеков 2030-жылга чейин ишке берилүүчү жаңы чакан ГЭСтердин тизмесин жарыялады. Алар:
1. Лейлек ГЭСи – 6 МВт, Баткен облусу, Лейлек району
2. Кожо-Кайыр ГЭСи – 0,6 МВт Баткен облусу, Кадамжай району
3. Койсу ГЭСи – 8.7 МВт Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району
4. Санарип ГЭСи – 2 МВт Чүй облусу, Москва району
5. Алай Гидро ГЭСи – 4.4 МВт Ош облусу, Алай району
6. Боз-Учук ГЭСи – 5.54 МВт Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району
7. Авлетим ГЭСи – 2.6 МВт Жалал-Абад облусу, Аксы району
8. Адын-Ункур ГЭСи – 0.85 МВт Ош облусу, Кара-Суу району
9. Кара-Жыгач ГЭСи – 1 МВт Жалал-Абад облусу, Токтогул району
10. Аксы ГЭСи – 4.75 МВт Жалал-Абад облусу, Аксы району
11. Ысык-Ата-2 ГЭСи – 4 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району
12. Шамшы ГЭСи – 1.7 МВт Чүй облусу, Чүй району
13. Кондук ГЭСи – 5.3 МВт Ош облусу, Кара-Кулжа району
14. Кен-Тор-1 ГЭС – 1.3 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району
15. Карагай-Булак-1 ГЭС – 2 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району
16. Карагай-Булак-2 ГЭС – 2 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району
17. Сокулук ГЭС-3 – 9.5 МВт Чүй облусу, Сокулук району
18. Туюк ГЭСи – 5.9 МВт Чүй облусу, Сокулук району
2026-жылга пландалгандар:
1. Жергез ГЭСи – 6.2 МВт Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району
2. Тургент ГЭСи – 26 МВт Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району
3. Жети-Өгүз ГЭСи – 6.7 МВт Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району
4. ГринЭнерджи ГЭСи – 3.8 МВт Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району
5. Майлы-Суу ГЭСи – 26 МВт Жалал-Абад облусу, Майлы-Суу шаары
6. Ак-Терек ГЭСи – 4 МВт Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району
7. Орто-Токой ГЭС и– 21 МВт Ысык-Көл облусу, Тон району
8. Кара-Көл ГЭСи – 18 МВт Жалал-Абад облусу, Токтогул району
9. Түп ГЭСи – 9 МВт Ысык-Көл облусу, Түп району
10. Ак-Суу-2 ГЭСи – 7.2 МВт Чүй облусу, Москва району
11. Ак-Суу-3 ГЭСи – 17.66 МВт Чүй облусу, Москва району
12. Ленинполь ГЭСи – 2.3 МВт Талас облусу, Бакай-Ата району
2027-жылы пайдаланууга берилүүчү ГЭСтер:
1. Охна ГЭСи – 18.65 МВт Ош облусу, Кадамжай району
2. Жерүй ГЭСи – 28 МВт Талас облусу, Талас району
3. Жарды–Кайыңды ГЭСи – 10 МВт Чүй облусу, Панфилов району
4. Чандалаш ГЭСи – 30 МВт Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району
5. Ноокат-1 ГЭСи – 7.93 МВт Ош облусу, Ноокат району
6. Ноокат-2 ГЭСи – 7.93 МВт Ош облусу, Ноокат району
7. Чоң-Кемин ГЭСи – 25 МВт Чүй облусу, Кемин району
8. Чоң Ак-Суу-1 ГЭСи – 7.78 МВт Ысык-Көл облусу, Түп району
9. Чоң Ак-Суу-2 ГЭСи – 12.73 МВт Ысык-Көл облусу, Түп району
10. Бултуке ГЭСи – 2.96 МВт Чүй облусу, Москва району – ОсОО
11. Ак-Суу-1 ГЭСи – 8.9 МВт Чүй облусу, Москва району
12. Папан ГЭСи – 25 МВт Ош облусу, Кара-Суу району
13. Сары-Таш ГЭСи – 1 МВт Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району
14. Буйга ГЭС- 6 МВт – Ош облусу, Кара-Кулжа району
Ал эми 2028–2030-жылдары пландалгандар:
1. Конорчок ГЭСи – 4.8 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району
2. Кызыл-Суу ГЭСи – 5.1 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району
3. Кыштуут ГЭСи – 9.8 МВт Баткен облусу, Баткен району
4. Кичи-Кемин ГЭСи – 6 МВт Чүй облусу, Кемин району
5. Төмөнкү Тар ГЭСи – 19 МВт Ош облусу, Кара-Кулжа району