Орусияда эки Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылды 

Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында 21 жаштагы эки Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 28-апрелде кабарлады.

Маалымматка караганда, кырсык 25-апрелде саат 21:00 чамасында катталган. Ал учурда 65 жаштагы айдоочу Тойота Саксид үлгүсүндөгү унаасы менен жөнгө салынбаган жөө адамдар өтүүчү жерден эки Кыргыз жаранын сүзүп кеткен.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы бөлүмү жана Хабаровск шаарындагы Ардактуу консулу Хабаровск крайынын укук коргоо органдары менен дайыма байланышта болуп, бул окуянын бардык жагдайларын тактап жатышат.

Орусия тарапка окуя боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүү жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Жабыркагандардын туугандарына консулдук-укуктук кеңеш берилип жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан