Биз социалдык тармакта

Алайда эс алуу жайдагы пикир келишпестик бир жигиттин өмүрүн алды

Ош облусунун Алай районундагы эс алуучу жайлардын биринде мушташ катталып, 20-23 жаштагы үч жаран бычакталды. Бул тууралуу жабырлануучулардын жакындары билдирди.

Алардын айтымында, окуя Будалык айылы жакта 14-августта орун алды. Жигиттердин бири жеринде жүрөк тушуна жеген бычактан улам мерт кетти. Ал эми экөө оор абалда ооруканага жеткирилди.

Бычак колдонгондор эс алуучу жайда иштегендер деп болжолдонуп жаткандыгы да кошумчаланды.

Ал эми Ош облусунун милициясы бул тууралуу маалыматты эки күндөн бери тактап бүтө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан