Биз социалдык тармакта

Мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев шайлоого катышуудан баш тартты

Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди.

Ал мындай чечимди үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кабыл алганын белгиледи.

"Урматтуу менин колдоочуларым, катталуучуларым, бүгүн маанилүү жаңылык менен бөлүшкөнү турам. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу алдыдагы аламанга аттануудан баш тарттым. Мага ишеним артып, колдоп, жылуу сөзүн билдирип, алдыга сүрөп келген тарапташтарыма терең ыраазычылык билдирем!

Бул чечимди кабыл алуу мен үчүн оңойго турган жок. Бул кадамымды жакшылыкка деп жоруп коюңуздар. Элге кызмат өтөөнүн, коомго пайдалуу болуунун башка жолдору көп. Буюрса, калкыма кызмат кылуу идеяларым башка форматта уланмакчы", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Айта кетсек, БШК Жамгырчиев №29 шайлоо окуругуна талапкерлигин койгонун билдирген.

Эске салсак, 2023-жылы 27-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон.

10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, Жамгырчиевди 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Жыйында Жамгырчиев өз каалоосу менен мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы маалым болгон.

Экс-депутаттын баш коргоо чарасы ошол эле күнү өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан