Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кимдир-бирөө ыйлап, кимдир-бирөө телефон аркылуу тааныштарына акыркы кабарларды берип жатты. Эң коркунучтуусу – деңиз жээгине жакын аймактардагы паника эле. Суу адаттан тыш артка чегинип, анан кайра күч менен кайтып келиши мүмкүн деген маалымат элди ого бетер дүрбөлөңгө салды.

Машиналар токтоп калды. Көпүрөлөрдө тыгын. Метродо эвакуация. Бул көрүнүш кадимки шаар эмес, тирүү организм сыяктуу кыйкырып жаткан Стамбул эле. Ал эми жаңылыктарда бир гана сөз кайталанып жатты: “Өтө шашылыш эвакуация! Кырдаал көзөмөлдө эмес...” Дүйнө мунун баарын экрандар аркылуу карап турду. Ал эми ошол экрандардын ичинде бир шаар эмес, миңдеген тагдырлар ошол түнү өзгөрүп жаткан эле.

xxx

Электр жарыгы бир заматта өчтү. Караңгы. Университеттердин биринин жер төлөсүндө чогулуп отурган студенттердин арасынан алгач шыбыроо чыкты... Анан акырындап паника жаралды. Телефондордун жарыгы гана анда-санда жарык кылып турду. Бирок интернет жок. Байланыш үзүлгөн. Сырттагы дүйнө менен байланыш жоктой сезилди.

– Эшикти ачпагыла! Кооптуу болушу мүмкүн!- деген үн чыкты бир маалда.

Студенттер көп болгондуктан, аба жетпей баратты жер төлөдө. Абал оорлошуп, ал жерде отургандардын тынчы кете баштады. Тинатин дубалга жөлөнүп отурду. Жүрөгү дүкүлдөп катуу согуп жатты. Айгүл анын жанында.

– Тинатин,- деди ал акырын, үнү калтырап чыкты. – Кандай кылабыз? Коркунучтуу го...- деп сөзүн улантты.

Тинатин жооп бергиси келди, бирок үнү чыкпай калды. Ал жөн гана башын ийкеди. Жер дагы бир аз силкингендей болду. Дубалдардан акырын “тырс-тырс” эткен үн чыкты. Студенттердин арасында ызы-чуу күчөдү.

– Биз чыкпасак болбойт!

– Кимдир бирөө эшикти текшерсин!

– Жок! Күтөбүз!

Ар ким өз оюн айтып, бөлмө ичи чууга толуп кетти. Мындан да коркунучтуусу сырттагы белгисиздик эле. Эшик ачылса эмне болот? Сыртта эмне күтүп турат? Жарык жок, байланыш жок, шаар эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Айгүл акырын шыбырады:

– Эгер азыр эшик ачылса, баарыбыз чуркайбыз го, ээ?.. Тинатин аны карады.

– Чуркабайбыз, аман чыгууга аракет кылабыз,- деди ал акырын. Бирок ичинен бул айтканына өзү да толук ишенген жок. Ушул учурда алыстан бир үн угулду. Темир эшиктин сыртынан бир нерсе катуу урунгандай болду. Баары тынчып калды, ар биринин дем алып жатканы даана угулуп турду. Тинатин ордунан акырын турду. Айгүл анын колун кармап калды:

– Кетпе.

Тинатин жооп бербеди. Анын көздөрү караңгы эшикке кадалды. Анткени азыр баары бир гана нерсеге байланыштуу эле: ал эшик ачылабы же жокпу. Ал эми ошол мүнөттө, ошол жер төлөдө отурган жүздөгөн жаштар үчүн эң чоң суроо – аман калуу болчу. Жер төлөдө абал улам оорлоп, кычкылтек улам азайып баратты. Караңгыда телефон жарыктары гана адамдардын жүздөрүн үзүл-кесил көрсөтүп, паника ого бетер күчөп баратты. Эшикке чыгуу азырынча мүмкүн эмес экенин мугалимдер так айтты. Коридордон келген үн да, сырттагы абал да белгисиз болчу.

– Баарыңар ордуңарда болгула. Паника кылбагыла!- деген мугалимдердин үнү гана угулуп жатты.

Ошол учурда студенттердин арасынан бирөө алдыга чыкты. Ал Орхан агай эле. Ал дайыма сабакты өзгөчө сүйгөн, кандай кырдаал болбосун билим берүүнү биринчи орунга койгон мугалим катары белгилүү болчу. Студенттер аны “физика эч качан токтобойт деген адам” деп тамашалап коюшчу. Орхан агай караңгыда телефондун жарыгын өзүнүн бетине буруп, токтоо сүйлөдү:

– Балдар, азыр коркуу – эң оңой нерсе. Бирок бизде дагы бир нерсе бар, ой жүгүртүү. Студенттер акырындап тынчый башташты. Айгүл Тинатинге жакыныраак жылып, шыбырады:

– Бул киши чын эле сабак өтөбү азыр? Ушундай учурдабы? Тинатин аргасыз жылмайды:

– Ал дайыма ушундай.

Орхан агай жердеги чаң баскан тактайды карап:

– Биз азыр физиканын эң жөнөкөй бөлүгүн түшүнөбүз,- деди. Ал бир аз токтоп, колуна кичинекей бор сыныгын алды.

– Тең салмак. Бир студент таң калып:

– Агай, азыр физикабы? Орхан агай башын ийкеди.

– Ооба. Анткени адам корккондо логика жоголот. Ал эми логика жоголсо, паника жеңет. Ал дубалга жакын келип, колундагы бор менен сызык чийип баштады.

– Жер титирөө учурунда эң маанилүүсү эмне деп ойлойсуңар? Жооп жок.

– Жок, кыймыл эмес. Чечим да эмес. Эң маанилүүсү – тынчтык. Тинатин акырын тыңшап калды. Анын жүрөгү дагы эле катуу согуп жатты, бирок агайдын үнү ичинде бир аз тынчтык орнотуп жаткандай болду. Орхан агай сөзүн улантты:

– Эгер биз азыр чуркасак, бири-бирибизди түртөбүз. Эгер эшикке шашылсак, коркунуч көбөйөт. Демек, биз күтүүнү үйрөнүшүбүз керек. Айгүл акырын шыбырады:

– Бул чындап эле сабак өтүп жатат го? Тинатин башын ийкеди.

– Ал ушундай адам. Орхан агай студенттерди алаксытып жатты:

– Келгиле, мен сиздерге бир жөнөкөй нерсе көрсөтөм. Бул физика эмес, бул жашоо. Ал жерге отуруп, колун жайды.

– Терең дем алгыла. Бир аз тыныгуу болду. Караңгы жер төлөдө жүздөгөн жаштар акырындап дем ала баштады. Паника бир аз басылды. Бирок сыртта дагы эле белгисиздик, коркунучтуу. Ал эми жер төлөдө бир адам эч нерсе менен иши жоктой, баарына кол шилтеп салгандай тар жерде студенттерге сабак өтүп жатты. Орхан агайдын үнү акырын жаңырды:

– Жашоо кээде экзамен эмес, ал аман калуу сабагы. Тинатин терең дем алды. Караңгылыкта анда коркунуч эмес, тынчтануу, кырдаалды туура түшүнүү пайда болду. Бирок эшик дагы деле жабык болчу. Тагдырдын кийинки кадамы сыртта күтүп жаткан эле.

xxx

Марат достору менен чайканада отурган. Үстөлдө ысык чай, сүйлөшүүлөр, жеңил күлкү бар. Бир маалда телевизордун үнү катуулап чыкты. Экранда жаңылыктар башталды.

“Стамбулда катуу жер титирөө катталды. Жээк аймактарда цунами коркунучу жогору. Эвакуация жүрүп жатат...” Чайкана ичиндеги кобурашуу токтой түштү. Баары экранга тигиле карап калышты. Марат көзүн албай калды.

– Стамбул?- деди ал акырын. Анын жанындагы достору бири-бирине карашты.

– Бул чынбы?..- деп бирөө ишене албай шыбырады. Бирок Марат эч нерсе укпай калгандай болду. Экрандагы видео-сүрөттөр, ары-бери чуркап жүргөн адамдар, сирена... Баары анын көз алдында өчүп-жанып жатты. Анын оюна дароо Тинатин келди. Ал бир нече күн мурун Стамбулга кеткенин эстеди. Марат ордунан тура калды. “Тинатин” деди ал ичинен, өзүнө-өзү сүйлөп жатты. Достору аны карап калышты:

– Эмне болду, Марат?

– Баары жакшы элеби?

– Бирдеме десеңчи, Марат?

Ал жооп бере албай туруп калды. Денеси муздай түшүп, жүрөгү оор тартып жатты. Анын көз алдында бир гана сүрөт айланып жатты: жамгыр астында күлүп турган Тинатин. Базардын ызы-чуусунда жүргөн Тинатин көз алдына тартылып, анын “мен Стамбулда кала алам” деген сөзү кулагына жаңырды. Марат колуна телефонун алды, колу билинер-билинбес титиреп жатты.

Уландысы шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан