Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиевге 500 миң сом айып пул салды. Маалыматты бүгүн, 6-августта Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Райондук сот 15-июлда аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Эске салсак, Конгантиев 10-мартта депутаттык мандатын тапшырган. Ошол эле күнү ал УКМК тарабынан кармалса, 15-июнда үй камагына чыккан.