Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев 15 миллион долларлык мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишинде тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн моюнуна алып, Royal construction курулуш компаниясы салып жаткан объекттен 6500 чарчы метр батир жана коммерциялык жайды мамлекетке өткөрүп берген.
Тергөөдө Конгантиев Бишкек шаардык мэриясынын Жер участокторуна укук берүү боюнча комиссиясынын мүчөсү болуп турганда туугандарына жерлерди убактылуу пайдаланууга бергени аныкталган.
Буга чейин Бишкектин Ленин райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып пул салган.
Эске салсак, Конгантиев 10-мартта депутаттык мандатын тапшырган. Ошол эле күнү ал УКМК тарабынан кармалса, 15-июнда үй камагына чыккан.