Кечээ, 14-сентябрда Кыргыз улуттук "Манас" театры ырчы НурЧолпондун "Манас" эпосуна байланыштуу аткаруусуна карата билдирүү таратты.
Маалым болгондой, театр эпосту заманбап форматта жайылтууну колдой турганын, бирок чыгармачылык иштер анын мазмунуна жана улуттук баалуулуктарга шайкеш болушу керектигин белгиледи.
Мекеме аткарууну тиешелүү платформалардан алып салууну сунуштап, келечекте "Манас" темасындагы чыгармаларды манасчылар жана башка адистер менен кеңешип даярдоого чакырды. Ошондой эле коомчулукту НурЧолпондун чыгармачылыгын кемсинтпөөгө чакырды.
Белгилей кетсек, "Land of Manas" долбоору Shersky Music лейбли тарабынан чыгарылып, клип дүйнөлүк VEVO платформасында да көрсөтүлдү. 6-сентябрда автордун YouTube каналында чыгарманын толук версиясы жарыяланган. Коомчулукта бул чыгарма кызуу талкууга түштү.