Ырчы Анжелика Кайратова кызы Элима Бекболиева менен Индияда өткөн эл аралык сулуулук сынагында жеңишке жетти. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Ырчы кызы менен Miss Supermodel Worldwide-2026 сынагында ийгилик жаратты. 16 жаштагы Элима Teen категориясында жеңүүчү болсо, апасы Mrs категориясында экинчи вице-мисс аталды. Ошондой эле алар "Кайрымдуу ханыша", "Көрүүчүлөрдүн тандоосу" наамдарын жеңип алышты.
Эне-кыз Кыргызстандын желегин эл аралык сахнада желбиретүүгө сыймыктанышарын айтышып, колдоо көрсөткөн мекендештерине ыраазычылык билдиришти.